Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев бир топ тыныгуудан кийин үн катып, Баш мыйзамдын өзгөрүүсүнө каршы пикирин билдирди. Ал Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө ашыгып жаткан Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлерине жолдогон кайрылуусунда артка кылчайып, баштан өткөн кыйын кезеңди эстен чыгарбоого чакырды. Ошондой эле азыркы Баш мыйзам 2010-жылы кандай кырдаалда жазылып, кабыл алынганын, бул үчүн эл жанын канжыгага байлап, эски бийлик менен күрөшкөнүн билдирип, эми ошол Конституцияны коргоо баарынын милдети экенин белгиледи.
Мындан сырткары коомдук талкууга берилген бир айлык убакыт өтө аз экенине токтолуп, Конституциялык кеңешме түзүүнү сунуштады. Сариевдин пикири боюнча ал кеңешмеге жалаң гана бийликтин адамдары эмес, оппозиция өкүлдөрү менен укуктук эксперттер кирүүсү зарыл. Ошондо гана коомго кызмат кылуучу Баш мыйзамды кабыл алынат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ