Menu

Иса Өмүркулов, КСДП фракциясынын лидери: “Атамбаев уранга каршы элди митингге чыгарганы туура эмес”

Бөлүшүү:

– Иса Шейшенкулович, өкмөттүн отчету сизге жактыбы?

– Жаккыдай, отчет – аялзаты эмес да. Бул тамаша. Негизи, буга чейин премьердин жылдык отчетун комитеттерде карадык, коалициянын жыйынында карадык. Жалпысынан макроэкономикалык көрсөткүчтөр жакшы, динамика, өсүш бар. Экономикада стабилдүүлүк бар. Бирок, ошого карабай, баары идеалдуу дегеден алысмын. Көңүл бура турган да маселелер толтура. Мисалы, энергетика, анын келечеги. Карыздардын көлөмү жогору, аларды төлөө боюнча көйгөй жок эмес. Эң көп сумма төлөй турган учур 2025-жылга туура келет экен. Ошол жылы 10 млрд. сомдон ашык карыз төлөш керек болот. Бул энергосистемага оор сокку болору шексиз. Энергетика өнүкпөсө, кошумча электр энергия иштелип чыкпаса, экономикада өсүш эч качан болбойт. Кайсы ишкана, кайсы өндүрүш болбосун, энергетикасыз иштей албайт.

Мындан тышкары, региондорду өнүктүрүү боюнча көп проблемалар бар. Айтып эле койбой, жергиликтүү бийликке реалдуу ыйгарым укук, каражат берилбесе, иш жүрбөйт. Иштегенге каалоо болсо, баары болот. Менимче, өкмөт маалыматтык инициативаны алдырып коюп жатат. Өкмөт ишиндеги кемчиликтер менен көйгөйлөр ошондон улам болууда.

– 2019-жылы өкмөт кайсы тармактарга өзгөчө басым жасашы керек деп ойлойсуз?

– Ички дүң продукциянын басымдүү бөлүгүн эки гана тармак же ишкана берип жатат. Кумтөр менен «Мегаком». Мисалы, Кумтөр бара-бара азайып жатат. 25-жылдары такыр токтошу мүмкүн. Ошонун ордун ким толтурат? ИДПнын жалпы көлөмүнүн 8%ын, өндүрүштө 44%ды Кумтөрдүн салымы түзөт. Ошон үчүн ага альтернатива табыш керек. Бул багытта тынымсыз иштөө – өкмөттүн милдети.

– Уран казылышы боюнча коомчулук катуу каршылык кылып жатат. Депутаттар кандай аракет көрүүдө?

– Биз сөзсүз көзөмөлгө алабыз. Элдин тагдыры, өлкөнүн келечеги болуп жаткан соң, эл өкүлдөрүнүн үн кошпогону туура эмес. Уран зыян, аны эч убакта иштетпеш керек. Жай келер алдында ажиотаж кылып, көтөрүп жиберишти.

– Атамбаев уранга каршы элди митингге үндөп жатканын кандай баалайсыз?

– Атамбаевдин уранга каршы элди чыгарганы туура эмес. Эмнеге ал учурунда лицензия берген? Эмнеге ошол кезде токтотуп калган эмес? Эми элдин көңүлүн буруп, каршы чыкпай эле койсун. Ар бир маселе боюнча митинг боло берсе, жакшылыкка эришпейбиз. Инвесторлорду качырабыз. Мамлекетке зыян келтиребиз. Атамбаев өлкөгө зыян кылгысы келсе, чыга берсин.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: