Menu

Жаңакпы же жаң-гакпы?

Бөлүшүү:

Жакында Сузак районунунан 78 жаштагы Зулпукаров Жоро аттуу карыя телефон аркылуу болгон байланышында биздин редакцияга кат даярдап жатканын билдирди.

– Мен бул тууралуу мурда да башка гезиттерге кайрылган болчумун, – дейт Жоро ата.

– Бирок, азырынча уккан пенде жок. Көк-Жаңгак шаарын билесиңер да. Туурабы? Кыргыздарда мурда “жаңгак” деген сөз болгон эмес, “жаңак” деп айтылган. Союз мезгилинде “город Кок-Янгак” болуп жазылып калып, ошондон тартып “жаңгак” деген сөз пайда болду. Муну министр боло элек кезинде телефондон Түгөлбай Казаковго айтсам, ал туура маселени козгодуңуз деп, мунун өтөөсүнө чыга турганын айтып убада да берген болчу.

Ырас, министр мырза берген убадасын унутпаса керек, аткарганга убактысы болбой аткандыр, же колунан келбейт. Анын башка деле иши чачтан көп эмеспи. Аны билбей эле баарыбыз тең ага  асылып жатабыз. Бая күнү бир гезит: “Маданият тармагын оңдош сиздин деле колуңуздан келбеди. Наам берүүдө нааразычылыктар көп болуп жатат. Кадырыңызды биротоло какшытып  алгычакты кетип эле калбайсызбы, кызматка тырышпай” деп да жазып жибербедиби. Түкөмү күнөөлөбөгүлөчү, айланайындар! Наам бериш маданият министрлигин колунан келбейт деп уккам. Эгер колунан келсе, татыксыздарды маданият кызматкери болдуң деп “дардактагандан” көрө, чындап эмгек сиңирген Маматибраим Бостонкуловго окшогон таланттарды “Эл артисти” кылмак.

Айтор, карыянын көкүрөгүн өйүгөн маселеси туура экени айкын. Убагында айтып калбасам, бул маселе ошол бойдон калып кетет деп тынчсызданып атат. Министрдин, андан жогоркулардын татыксыздарга наам бериш колунан келгени менен, бурмаланып колдонулуп калган айрым сөздөрдү, башка тилде жазылган жер аттарын кыргызчалоо колдорунан келбейт окшойт. Андан көрө аларды өзүбүз эле оңдоп, мисалы, “жаңак” деп айтып, “жаңак” деп жаза береличи. Биздин  гезитке “жаңак” деп жазсаңар, “жаңгак” болуп чыкпайт. Бөркүңөрдөй ишене бергиле!

Орозбек БӨРҮГУЛОВ,

Булак: «Майдан. kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: