Menu

Ош шаарында жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу аяктоодо

Бөлүшүү:

КРнын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, бүгүн, 22-декабрда, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын жеңил типтеги жаңы имаратынан кабар алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүнкү күндө курулуш иштери дээрлик аяктаганын маалымдады.

Жүз орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушунун жалпы баасы 107 миллион сомдон ашык каражатты түзгөн. Объекттин курулушу «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фонду аркылуу каржыланган.

Тез курулуучу материалдардан эксперименталдык оорукана куруу иши жай мезгилинде өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын курчуп кетишине байланыштуу башталган.

Президенттин милдетин аткаруучуга аймактагы учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берилди.

Талант Мамытов жаңы оорукана коронавирус жана пневмониянын оор түрлөрү менен ооругандарды тейлөө үчүн бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалганын канааттануу менен белгиледи.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу оорукананын эмгек жамааты менен баарлашып жатып, медицина кызматкерлерин бүгүнкү күндүн каармандары деп атады.

«Сиздер гана заманбап чакырыктарга — вирустук оорулардын жаңы түрлөрүнө туруштук бере аласыздар. Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер менен көптөгөн жарандарыбыз айыгып жатышат. Дарыгерлердин эмгегин жогору баалайм, сиздерге чоң ыракмат», — деп айтты Талант Мамытов.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу дарыгерлерге тийиштүү шарттарды түзүү менен катар эле калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү мамлекеттин маанилүү милдеттеринен экенин баса белгиледи.

«Биз бул багытта, медицина кызматкерлеринин шарттарын жакшыртуу боюнча иштерди улантабыз», — деп белгилеген Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу эмгек жамаатынын ишине ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун аягында президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасына жаңы тез жардам унаасынын ачкычын тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: