Социалдык, илим, билим, маданият жана саламаттык сактоо меселелери боюнча парламенттик комитеттин отурумунда депутат Аида Касымалиева мамлекеттик кызматкерлердин иш сапарлары үчүн канча каражат сарпталарына кызыкты.
“Прокуратурадан жалгыз эле Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тууралуу эмес, ар бир министрлик иш сапары үчүн канча каражат сарптаганы, канча адам баргандыгы тууралуу маалымат берилсин”,-деди депутат.
Каржы министрлиги Адылбек Касымалиевдин айтымында, бул жылы мамлекеттик кызматкерлердин иш сапарларына 809 миллион сом каралса анын 622 миллион сому коротулган.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ