9-майда Берлин шаарында, Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эринес Оторбаев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты. Бул тууралу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин атынан Берлин шаарындагы Трептов паркындагы Боштондуктун жоокеринин монументине жана Тиергартен паркындагы совет жоокерлеринин Мемориалына гүлчамбарлар коюлду.
Иш-чараларга дипломатиялык корпустун, герман коомчулугунун өкүлдөрү, ошондой эле Берлин шаарында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана катышуучулары катышышты.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Франкфурт/Майн шаарындагы Консулдук агенттигинин жана Элчиликтин Бонн шаарындагы бөлүмүнүн өкүлдөрү Жеңиш күнүнө арналган иш-чараларга катышышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ