Menu

Нарын ОИИБде жаңы салынган спорттук комплекстин ачылыш аземи болду

Бөлүшүү:

2017-жылдын 25-ноябрь күнү Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын заманбап спорттук комплексинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул туурасында Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы маалымдады.

Бул спорттук комплекстин курулуш иштери 2016-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын мурдагы ички иштер министри, милициянын генерал-майору Турганбаев Мелис Токтомамбетович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кайыпов Аманбай Кайыповичтин катышуусунда Нарын ОИИБнин спорттук комплексинин пайдубалына капсула салынып, курулуш иши башталган.

Салтанаттуу аземге Нарын шаарынын мэри Алымкулов Эмил Абдраимович, Нарын ОИИБнин Ардагерлер кеңешинин төрөгасы Тентимишов Жолдошбек менен башкармалыктын ардагерлери жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Жаңы спорттук комплекстин курулушуна мамлекеттик бюджеттин эсебинен 22 миллион сом акча каражаты сарпталып, Кыргыз Республикасынын ИИМдин курулуш-монтаждоо башкармалыгынын куруучулары тарабынан курулуш иштери сапаттуу аяктап, бүгүнкү күнү пайдаланууга берилди.

Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин негизги милдеттери – кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук тартипти сактоо болсо, укук бузуучулар менен күрөшүүчүлөрдүн ден соолугу чын болууга тийиш. Бирок бизге тиешелүү спорттук жайдын жоктугуна байланыштуу кызматкерлерибиз ар кайсы мекемелердин, мектептердин спорттук залдарын ижарага алып, айрым учурларда ачык асмандын алдында дене-тарбиялык машыгууларды өткөрүп келген. Ошого карабастан өздүк курам кылмыштуулук менен күрөшүүдө бир катар ийгиликтерди жаратып, ал эми облустук мекемелер арасында жана республикалык ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында өткөрүлгөн ар кандай спорттук мелдештерде байгелүү орундарды багындырып келишкен. Бүгүн ачылып олтурган, кичи футбол, волейбол, баскетбол ойноочу залы, жер төлөсүндө табелдик куралдан машыгуу үчүн ок атуучу жайы бар заманбап спорттук комплекс кызматкерлерибиз үчүн ишиндеги ийгиликтердин жаралышына өбөлгө болуп, алардын ден-соолугунун чың болушу үчүн көп жылдар бою кызмат кылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: