Социалдык түйүндөрдөгү талаштуу билдирүүлөрү менен белгилүү ташкенттик имам Шермурад Тогай «Хизб-ут-Тахрир» диний партиясы менен «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун идеяларын жактаган адамдарга карата өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады.
«Аларга ислам мамлекеттериндегидей өлүм жазасын колдонуу керек. Өнүгүүбүзгө тоскоолдук кылган биздин элдин жана динибиздин душмандарын аёого болбойт. Алар бекер абакка, бекер тамакка жана бекер шарттарга көнүп алышкан. Алардан эч кандай пайда жок», – деп жазды ал Facebook баракчасына.
Имам элдин тынчтыгын ойлоп ушундай сунуш менен чыгып жатканын билдирди.
– Алардын кылгандары туура эмес. Биз дүйнөдө эмне болуп жатканын көрүп атабыз. Алар Египеттин Синай аралындагы мечитти жардырышты. Ал эмес АКШ президенти Трамп дагы жөө адамдарды тебелетип кеткен кишиги өлүм жазасына тартуу керектигин айтып жатат. Мен элдин тынчтыгын ойлоп ушундай пикирге келдим. Муну ким кандай кабыл аларын билбейм. Чечимди жетекчилик кабыл алат, – деди Шермурад Тогай.
Аны менен катар ташкенттик имам социалдык түйүндөгү билдирүүлөрү анын жеке пикири экенин, аларды фатва катары кабыл алууга болбостугун кошумчалады.
Имам Шермурад Тогай Өзбекстанда «массалык жана батыш маданиятын» сындаган билдирүүлөрү менен кеңири белгилүү.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ