Жалал-Абад облусунун патрулдук милиция кызматкерлери 3-5-декабрь күндөрү жол кырсыгынан жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча атайын окуудан өтүштү. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Окуу Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коому менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлүүдө.
Семинардын жүрүшүндө патрулдук милиция кызматкерлери жол кырсыгына кабылган адамдарга дарыгерге чейинки алгачкы жардам көрсөтүүнүн негизги эрежелерин үйрөнүштү.
Жалал-Абад ОИИБнин патрулдук милиция бөлүмүнүн үгүт-насаат иштери боюнча ага тескөөчүсү Нурлан Саркаров дүйнөлүк статистикада көрсөткөндөй жол кырсыгынан жабыр тарткандарды ооруканага туура эмес жеткизүүнүн (транспортировканын) кесепетинен адам өлүмдөрүнүн саны өсүп жаткандыгын белгиледи.
Ошондуктан иш-чаранын башкы максаты жол кырсыгынан каза болгондордун санын кыскартуу болуп саналат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ