“2010-жылдын апрелинде өзүнүн конституциясы менен келген бийлик, 2020-жылга чейин бул конституция өзгөртүлбөйт деген бийлик кайра өзү конституцияны эч негизсиз эле өзгөртүүгө аракет кылып жатат”, – деп билдирди бүгүн, 8-октябрда Бишкекте өткөн “Референдумга каршыбыз!” кыймылынын Курултайында Азимбек Бекназаров.
“Акыркы 6 айда Өзбекстан Унгар-Тоону эки жолу басып алды, бирок Атамбаев бир жолу “күш” деп үн чыгарып койгонго жараган жок. Башка өлкө жерин басып алып жатса Атамбаев Ысык-Көлгө барып ат чабыш көрүп жатып алды. Чыныгы көчмөн эч качан жерин бастырып коюп ат оюнун көрүп жатып албайт”, – деди Азимбек Бекназаров.
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видеотасма Искен Афиджановдуку
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ