Өзбекстан Баатыры, Эл акыны жана мамлекеттик гимндин автору Абдулла Ариповдун сөөгү Ташкенттеги “Чигатай” көрүстөнүндө жерге берилди. Ал 5-ноябрда 75 жаш курагында Хьюстондогу клиникада көз жумган.
Абдулла Ариповдун сөөгү 8-ноябрда Нью-Йорктон Москвага жеткирилген. Андан соң жасатты өзбек өкмөтүнүн атайын учагы менен Ташкентке алып келишкен. Абдулла Ариповдун табытын 10-ноябрда Кибрай районундагы Дүрмөн кыштагындагы үйүнөн алып чыгышты.
Абдулла Ариповду жерге берүү зыйнатына Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Шавкат Мирзиёев баштаган жогорку кызматтагы аткаминерлер катышты.
Эл акынын акыркы сапарга жүздөгөн адам узатты. Жол-кайгуул кызматынын өкүлдөрү автоунаа агымдарын көзөмөлгө алып турушту.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ