Menu

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуу иликтенүүдө

Бөлүшүү:

Тажикстан талаштуу чек арага тажик чек арачылары кирип келип, эскертүү иретинде асманга ок чыгарганын четке какты. Окуя 28-октябрь күнү Баткен облусунун Миң-Өрүк айылына жакын жерде болгон.

Тажикстандын 3-ноябрда тараткан расмий билдирүүсүнө караганда, тажик чек арачылары өз аймагында жүргөнүнө карабай, кыргыз чек арачылары алардын автоунаасын токтоткон. Белгисиз себептерден улам чыр чыгып, унаа Кыргызстан аймагына жашынууга мажбур болгон. “Кыргыз чек арачылары 16 жолу асманга ок чыгарган”,- деп айтылат билдирүүдө.

Ага жооп кылып тажик чек арачылары эскертүү иретинде асманга үч жолу ок аткан. Окуя учурунда эч ким жабыркаган эмес.

Кыргызстандын чек ара кызматы окуя болгондон кийин эки тараптын өкүлдөрү жолугушуу өткөргөнүн маалымдады. Жыйынтыгында чыр-чатактын себептерин иликтөө чечими кабыл алынды. Ошол эле маалда кыргыз чек арачылары шарттуу линияга 50 метр жетпеген аралыкта такталбаган чек араны кайтарууну улантат. Бул арада Тажикстан чек арачыларынын кыймылдарына чектөө киргизилет. Аларга шарттуу линияга 100 метр жакындоого тыюу салынат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: