Астананын шаардык сотунда Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаев менен анын уулу Асет Матаевдин иши боюнча апелляциялык коллегиянын жыйыны өтүүдө. Камактагы Матаевдер сотко келишкен жок, алардын кызыкчылыгын коомдук жактоочулар коргошууда.
Жактоочулар сотко күбөлөрдү кайрадан чакырууну жана бир катар экспертизалардын бүтүмдөрүн иштин материалдарынан чыгарып таштоону сурашууда. Адвокаттар Матаевдердин ишин биринчи инстанцияда кароодо процессуалдык мыйзам бузууларга жол берилгенин белгилешүүдө.
Астанада сот 3-октябрда Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевди жана анын уулу, КазТАГ маалымат агенттигинин жетекчиси Асет Матаевди алты жана беш жылга эркинен ажыраткан. Алар бюджеттик каражатты уурдоо жана салык төлөөдөн качуу боюнча тагылган айыптарды четке кагышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ