Бир кездери Ысык-Көл облусунун губернатору болуп, өнүктүрүү фондундагы миллиондорду кулкунуна куюп ийип, 2010-жылдагы 7-апрель окуясынан соң өлкөдөн жиги билинбей жоголгон Кыдыкбек Исаевдин билесиңер да? Кандуу бийликтин ашкере «сүйгүнчүгү» болгон эргул ошондон бери АКШда күн кечирип, тирилик кылары кеп болуп келсе, жакында ал жөнүндө дагы кызыктуу маалыматгарга ээ болдук. Көрсө, «эшиктен кирип, тешиктен чыкканды» «катта» өздөштүргөн Кыдыкең АКШга барары менен тил үйрөнүп, ушул күндөрү Филадельфия шаарында автобаза ачып, жүзгө чукул автоунааларды ижарага берип, өздүк бизнесин кыйла жолго салып алгандыгын жакындан билгендер кабарлап келишти. Башынан тирикарак неме тыштан да тирлигин тыңдап алгангабы, апта сайын андагы кыргыздарды чогултуп, бешбармак берип мекендештерибизди сыйлап турарын угуп алдык. Кайран эргул бир кездери эсинен танганча көөп, бакиевдер менен бирге баткан күнөөлөрүнөн элге тамак берүү менен арылайын деп жаткан го? Болбосо, «кесип алса кан чыкпаган» неме каражатын кайрымдуулукка эзели жумшабай калсын.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ