Мурдагы экс-прокурор Элмурза Сатыбалдиев түрмөдөн чыкты. Аны Сатыбалдиевден учурунда тыйын-тыпыр алып мактай коюп жүргөн айрым жагымпоздор жоо чаап келгендей жар салышып, “Элмурзаны достору зектерди таң калтырып тосуп алышып үйүнө алып кетишти, генералдын колун өбүүгө зар болгондор «өчүрөткө» тизилүүдө” деп көбүртүп-жабыртып жазып чыгышты. Элмурза эл багып, мамлекеттин кызыкчылыгын коргогону үчүн түрмөдө отуруп, анан бүтүндөй эл түп көтөрө ак жеринен күйгөн эл уулун тосуп алгандай даңазалаган бул алакандай маалыматты окугандар мыйыгынан жылмайганга аргасыз болушту. Чындыгында деңгээли пас кошоматчылардын колу менен жасаганын мойну менен тартып чыккан, куйругунда калбыры барларды айга-күнгө теңегенине баш чайкабай кое албайсың… Мындайлар бир ууч жемге кукулуктаган тоокту элестет эмеспи… Сыягы түрмөдөн чыкты, эми бизге баягыдай жем чачып тураар деп үмүттөнүп жатса керек.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ