Урматтуу жарандар, 26-июлдан 28-июлга чейин Кыргызстанга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон иш сапары менен келет. Ушуга байланыштуу, буга чейин кортеждин тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн Тамчы айылынан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдо кортеж өтүп бара жатканда транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр коюла тургандыгы маалымдалган.
Такталган маалымат боюнча, транспорт каражаттарынын кыймылына бүгүн, 26-июль күнү бир саатка гана чектөөлөр коюлат. Башка күндөрү эч кандай чектөөлөр киргизилбей, жолдор ачык болот. Ошондуктан, 26, 27, 28-июль күндөрү Ысык-көл облусуна бара жаткан учурда эркин жүрүүңөргө тынчсызданбай эле койсоңор болот жана жол кыймылынын эрежелерин сактагыңыздар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ