ИИМдин Ички иликтөө кызматы 21-февраль күнү саат 15:30да ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунан Биринчи май РИИБдин кызматкерин пара алып жатканда кармады. ИИМ маалымдагандай, милиция кызматкери 15 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан. Ал териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн УКМКга жеткирилди. Пара берген жаран 16-февраль күнү Башкы прокуратурага кайрылган. Ал Биринчи май РИИБдин Урмат аттуу жана башка кызматкерлери Свердлов районунун аймагындагы карактоо үчүн аларды кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, 300 АКШ долларын талап кылышкан.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ