Menu

АКШ Мамдепартаментинде «макул эместердин меморандуму» даярдалууда

Бөлүшүү:

Президент Дональд Трамп тарабынан жети мусулман өлкөнүн жарандары үчүн убактылуу чектөө чараларынын кабыл алынышы анын администрация кызматкерлеринен ортосуна «жик салды». Бул тууралуу “Нью-Йорк таймс” гезити жазды.

Жогорку кызматтагылар жарлыкты аткарууга аракет кылып жатышса, аскер адамдары ал Ирактын жаңжалдуу аймактарындагы өнөктөштөр менен болгон мамилеге терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп чочулап жатышат. Дипломаттар болсо президенттин жарлыгы эл аралык коомчулукта кабыл алынбашы мүмкүн деп эсептешүүдө.

Гезит Мамлекеттик департаментте «диссиденттик маанай» байкалып, жатканын жазды. Дипломаттар мамлекеттин чек арасын 200 миллион чет өлкөлүк үчүн жаап салуу коопсуздукту бекемдебестен, тескерисинче, ыктымал коркунучтарды күчөтүшү мүмкүндүгүн эскертишүүдө.

Макалада меморандум документ катары өткөн аптанын соңунда даярдала баштаганы айтылат. Бүгүнкү күнгө карата демилгечилер жүздөн ашык кишинин колун топтоого жетишкен. Учурда документтин мазмуну дагы деле өзгөртүлүүдө.

Дүйшөмбүдө АКШнын Мамлекеттик департаментинен меморандумдун бар экенин ырасташып, мекеменин кызматкерлери каршылыгын билдирүү укугуна ээ экенин белгилешти. Буга чейин Мамдепартаментте мындай учурлар катталган. 2016-жылы жайында мекеменин 51 кызматкери АКШнын ал кездеги президенти Барак Обаманын Сириядагы саясатына байланыштуу «өзгөчө пикирди камтыган» катка кол коюшкан. Кат Мамдепартаменттин ошол учурдагы башчысы Жон Керриге тапшырылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: