Атырау шаардык соту прокуратура имаратынын алдында өзүн-өзү өрттөгөн прокурордун мурдагы жардамчысы Лейла Смадьярованы камакта калтыруу чечимин чыгарды.
Үй камагындагы Смадьярова 31-январь күнү өзүнө өрт койгон. Сот 2-февралда анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алуу чечимин чыгарган.
Ооруканада дарыланып жаткан айыпталуучуну сот залына конвойдун коштоосунда алып келишти.
Айыпталуучунун жактоочусу ден соолугуна байланыштуу Смадьярованы үй камагына чыгарууну өтүндү. Бирок сот бейтаптын абалы канааттандыраарлык деген оорукананын башкы дарыгеринин катына таянуу менен өтүнүчтү четке какты. Бирок адвокат буга макул болбой каршылык билдирди.
Прокурордун 37 жаштагы мурдагы жардамчысы пара алууга шектелүүдө. Ал 2016-жылы кызматтан четтетилип, андан соң үй камагына алынган. Ал күнөөлөрдү четке кагып, айласы кеткендиктен өзүн өрттөгөнүн билдирүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ