«Өзбеккино» улуттук агенттиги жергиликтүү Timur Film студиясы тарабынан тартылган «Дейди» тасмасынын өлкөдө көрсөтүлүшүнө убактылуу тыюу салды. Ага тасманы социалдык түйүндөр аркылуу жарнамалоодо бир катар мыйзам актыларынын бузулгандыгы себеп болгон. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө.
Маалыматка караганда, тасманын трейлеринде, баннерлеринде жана билеттеринде белгилүү америкалык актер Морган Фримендин элеси көрсөтүлгөн. Бирок өзбек компаниясы актердун сүрөтүн пайдаланууга укук берген эч кандай документке ээ болгон эмес.
«Өзбеккинонун» билдирүүсүнө ылайык, Timur Film студиясы тасмага болгон суроо-талапты жогорулатуу үчүн ага америкалык актер тартылган деген жалган маалыматтар менен коомчулукту адаштырып, көрүүчүлөрдүн укуктарын бузган.
Мындан улам «Өзбеккино» Менчиктештирүү жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитети менен Интеллектуалдык менчик агенттигине сунуштама жөнөттү. Алар чечим чыгарганга чейин тасманы өлкө кинотеатрларында көрсөтүүнү токтотуу көрсөтмөсү берилди.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ