Өзбекстан менен АКШнын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу эки өлкөнүн президенттери бири-бирине куттуктоо телеграммаларын жолдошту. Шавкат Мирзиёев Дональд Трампка жиберген катында өлкөлөр ортосунда калыптанып калган салттуу мамилелердин сакталышын жактай турганын белгилеп, америкалык ишкерлерди Өзбекстанга «узак мөөнөткө» чакырды.
«Алдыдагы жылдары аймактык коопсуздук жана туруктуулук боюнча биргелешкен иштер жүргүзүлөт деген үмүттөмүн. Кошмо Штаттар Өзбекстандын жана анын коңшуларынын суверендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн колдойт. Сиздердин аракеттер өз ара байланыштагы жана гүлдөп өнүккөн Борбордук Азиянын курулушуна багытталган», — деп айтылат Шавкат Мирзиёевдин билдирүүсүндө.
Өзбек президенти өлкөнүн сырты саясатынын фундаменталдуу принциптери менен консептуалдык негиздери туруктуу бойдон каларын белгиледи. Ошондой эле Мирзиёев америкалык бизнестин узак мөөнөткө калышына жана АКШнын алдыңкы компаниялары менен инвестициялык-технологиялык кызматташтыктын кеңейишине кызыкдар экенин билдирди.
Бүгүнкү күндө Өзбекстанда АКШ компанияларынын катышуусундагы 164 ишкана ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Алардын 122си биргелешкен ишкана болсо, 42си толугу менен чет өлкөлүк инвесторлорго таандык. 2016-жылы өлкөлөр ортосундагы товар алмашуу 453 миллион 800 миң долларды түзгөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ