“Эт эмес же чел эмес” ортозаар жүрүш-турушу менен эсте калган Абдылда Суранчиев деген мурдагы ички иштер министри бар эмес беле. Учурда “МегаКом” компаниясынын коопсуздук күчтөрүнө көзөмөл кылып, айына 153 миң сомдон ашык айлык алып, капчыгын калыңдатып келет. Мындай олчойгон айлыкты кайсы эмгеги үчүн алып жатат деп коомчулуктун башы маң. Бир мугалимдин 2 жылдык айлыгын бир айда алган Суранчиевдин жашоосу эле “май көл, сүт көл” окшойт. Мындай теңсиздикти уккан-көргөн мугалимдер менен врачтардын ичинен кан өтөөрү турган иш эмеспи.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ