Түркмөнстанда коомдук жайда чылым чеккендер 300 манаттан айыппул төлөшүүдө. Бул акчалай жазанын өлчөмү беш эсеге өстү дегенди билдирет.
“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, айрым жашоочулар айыппулдун жогорулаганын, административдик жазага тартылышкан соң гана билишкен. Түркмөнстан бийлиги жана мамлекеттик ММКлар бул тууралуу элге маалымат тараткан эмес. Шаар тургундары Ашхабаддын айрым коомдук жайларында чылым чегүүгө тыюу салган белгилер орнотулбаганын айтышууда.
Муну менен катар коомдук пайдалануудагы жайларды аныктаган критерийлер жок болгондуктан, тартип сакчылары чылым чегүүгө ылайыксыз жерлерди өздөрү каалагандай аныктап, жарандарга айыппул салышууда.
Өлкөдө коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салган мыйзам 2000-жылы күчүнө кирген. “Коомдук жайларда, бардык мекемелерде жана көчөдө тамеки тартууга тыюу салуу жөнүндө” президенттин жарлыгынан тышкары өлкөдө чылымды жарнамалоого жана машина айдап бара жатканда аны чегүүгө дагы бөгөт коюлган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, Түркмөнстанда калктын 8% гана чылым чегет.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ