Эл башы болгондор тескери ушатып атканда кимдин этегин кармайбыз. Дегеним, Ак-Талаа районунун акими Семетей мырза былтыр жай айларында Ак-Талаа районунда жайгашкан «Турук» көмүр кени райондун эли эле эмес, Ат-Башы, Нарын райондорун дагы камсыз кылууга мүмкунчүлү бар деп ооз көптүрдү эле. Жыйынтыгында, аталган «Турук» кени кыштын кап ортосунда токтоп калып, карапайым элге түйшүк жаратты. Кычыраган кышта көмүр маселеси элдин мазесин алып турганда Семетей мырза айткан сөзүн эстемек тургай, эл маселесине да баш ооруткан жок. Кыйналган эл, албетте, өз маселесин өзү чечти. Демек элге кереги жок жетекчинин кимге кереги бар? Айтмакчы, кыш кыроодо Ак-Талаа элин кыйын кырдаалдан чыгарып кеткен Жумгалдын Кара-Кечесине ыраазычылык билдиргендин ордуна алган көмүрүнүн акчасын бербей качып жүргөн аким сөрөй Семетей мырзанын кылыгына эмне деген баа берүүгө болот?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ