Казакстанда Алкыш күнү белгиленүүдө. Жылнаамага бул дата казак президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен киргизилген жана дем алыш болуп эсептелет.
2015-жылы апрелде Казакстан элинин ассамблеясынын сессиясында Назарбаев жыл сайын 1-мартты Алкыш күнү катары белгилөөнү сунуштаган. Президент Казакстан өткөн кылымда азып-тозуп, куугунтукталган жүз миңдеген кишилерди кабыл алганын эске салган. Назарбаевдин пикиринде, бул дата этностордун бири-бирине болгон айкөлдүгүн, аларды кабыл алган казактарга ыраазычылыгын даңазалайт.
Казакстан Статистика комитетинин маалыматы боюнча 2016-жылы өлкөдөн 35 миң киши көчүп кеткен, бул өткөн жылдарга салыштырмалуу 16% көп. Казакстанга жер которуп келгендердин саны 13 347 кишини түзгөн, бул 2015-жылга караганда 19% төмөн.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ