Menu

Фархад Бекмамбетов, цирктин директору: “Мага кыргыз циркин кайра жандандыруу тапшырмасын коюшту”

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы жападан-жалгыз циркте акыркы бир айдан бери чуру-чуу басылбай келет. Ичиндеги коррупция менен интрига 2004-жылдан бери мекемени башкарып келген жетекчини кетирди. Анан артисттер өзүлөрү жетекчиликке талапкер көрсөтүшүп, аны дайындап берүү талабы менен Акүй алдына барып митинг кылышты. «Эгер талап аткарылбаса, жапырт иштен кетебиз» дешти. Бирок, алардын талабы аткарылган жок. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов 24-январда цирктин директору кылып Фархад Бекмамбетовду дайындады. Ошентип, жаңы директор иштеп баштаганына бир апта болду. Баягы «иштен кетебиз» деп арыз жазган 35 артист дагы деле жумушка чыга элек экен. Бекмамбетов алардын ар бири менен сүйлөшүү жүргүзүп, кыскасы, «келгиле, иштешели, жумушка чыккыла» деп жатыптыр.

– Фархад мырза, бир нече убакыт жетекчисиз турган циркке директор болуп келдиңиз. Ишти эмнеден баштайын деп жатасыз?

– Министр Жамангулов мени бул кызматка бекитип, жамаатка өзү алып келип тааныштырып, отургузуп кетти. Демек, бул мекемедеги баардык маселелер менин жоопкерчилигиме бекитилди. Мени дайындаганда министрлик тараптан да, өкмөт тараптан да олуттуу тапшырмалар коюлду. Негизгиси, кыргыз циркин кайрадан жандандыруу. Мен өзүм чыгармачыл адаммын, чөйрө мага жат эмес. Буюрса, ишти эки багытта алып кетем. Биринчиси, чарба-каржылык иштерин жөнгө коюп, ачык-айрымдуулукка чыгуу. Экинчи багыт, чыгармачылыкты өнүктүрүү. Чыгармачыл жамаат менен тыгыз иштеп, жаңы, жакшы номерлерди даярдап чыгышыбыз керек. Азыр ушулар маанилүү.

– Мен билгенден, цирктин абалы өтө начар. Атайын каржы бөлүнүп, ремонт иштери дээрлик жүрө элек болсо керек…

– Туура, цирктин имараты союз кезинде курулган. Андан бери оңдоп-түзөө иштери болбоптур. Абалы начар. Отургучтарга 25 жылдан ашыптыр, сынып, талкаланган. Манежде оңдой турган иштер көп. Бул багытта тийиштүү жетекчилер менен сүйлөштүм. Быйыл болбосо да эмки жылдагы планга циркти жаңылоого жардам беришин сурандым. Бир-эки жыл мурун опера жана балет театры, сүрөт, тарых музейлери ремонттолду. Быйыл орус драмтеатрын жаңылоо планда экен.

– Жамаатта ажырым пайда болуп, айрым артисттер иш таштап кетишиптир. Алар кайтышабы?

– Жаматтагы ажырым буга чейин эле болуп келген экен. Мурунку жетекчини кетирип, жаңы дайындоодогу негизги себеп дагы ушул. Мен келерден бир күн мурун 28 артист министрге арыз жазышып, «кетебиз» дешкен. Бир жумадан бери аларды чакырып, сүйлөшүп жатам. Цирк артисттери бир күндө даяр болбойт, бул да өзүнчө кесип. Жан-дили менен күйгөн, сүйгөн адам болбосо, циркке байлап келсең да эч ким турбайт. Ңомерлерди даярдоо да чеберчиликти талап кылат. Ошол эле учурда, он жылдан бери штатка кире албай, маянасыз жүргөн артисттер бар экен. Ушуларды ар бирине түшүндүрүүгө аракет кылып жатам. «Чындап эле цирктин азыркы акыбалына кайдыгер карабасаңар, келгиле, биримдикте иштеп, өнүктүрөлү» деп сунуш айттым. Мен ойлойм, алар туура чечим кабыл алышат…

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: