Menu

Видео – Казакстанда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору парламентке жөнөтүлдү

Бөлүшүү:

Казакстанда Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоору парламенттин кароосуна жөнөтүлдү. Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, президенттин айрым ыйгарым укуктары өкмөт менен парламентке өтөт.

Референдум өткөрүлбөстөн, Баш мыйзам парламент аркылуу жаңыланарын Назарбаев 1-мартта билдирген. Ал мындай чечимин бийлик системасына «олуттуу деле өзгөртүүлөр киргизилип жатпагандыгы» менен түшүндүргөн.

Баш мыйзамдын жыйырмага жакын беренесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү каралган. Анын орчундуусу – өкмөттү шайлоодо жеңип келип, парламентте көпчүлүктү түзгөн партия курайт. Өкмөт башчыны президент дайындап, парламент бекитет. Премьер-министр тышкы иштер жана коргоо министрлеринен башка кабинетинин курамын адегенде парламент менен макулдашат. Андан соң бекитүү үчүн президентке сунуштайт. Ал эми азыр министрлерди, атүгүл вице-премьер-министрлерди да президент өзү түз дайындайт. Премьерди гана парламент менен кеңешип бекитет.

«Конституциялык көзөмөл механизмин күчөтүү максатында президенттин Конституциялык кеңештин чечимине каршылык билдирүү укугу кыскарат. Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр президенттик башкаруу системасын калтыруу менен парламенттин ролун күчөтүү, өкмөттүн өз алдынчалуулугун жана жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган», — деди Конституциялык реформа боюнча жумушчу топтун башчысы Адилбек Жаксыбеков.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: