8-ноябрда Казакстандын борбор калаасы Астана шаарында өтө турчу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин саммитинде мамлекет башчылары эл аралык кырдаалдын оор маселелерине жооп издешет. Бул тууралуу бүгүн Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко билдирди. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы маалымдады.
“Жакынкы күндөрдө Астанада ЖККУнун саммити болот. Талкулоочу маселелер абдан көп- уюмду реформалоо, эл аралык аренада анын ролун жана салмагын күчөтүү, өзгөчө азыркы оңой эмес убактарда”-деп билдирген Александр Лукашенко.
“Астанада биз эл аралык кырдаалдын оорчундуу маселелерине жооп издейбиз”
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин курамына Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Беларусь, Тажикстан жана Армения кирет.
Кыргызчалаган:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ