Биринчи очогунда бакыт болсо, үлгүлүү үй-бүлөнү жарата алсаң, андан соң коомдук иштерге, саясатка аралашканың маанилүү боло турганы анык. Ошондо гана ийгиликгүү баскычтарга, бийиктикке көтөрүлөсүң. Митингдерден күбө болдук. Камактагы Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл айым абдан күйүмдүү жар экенине көзүбүз жетти. Ал эми Өмүкенин тун кызы Ай-Данэктин билдирүүлөрү, интервьюлары интернет айдыңында эң көп окулуп атканына баа бердик. Көпчүлүк катмар Ай-Данэктин орундуу сөздөрүнө, кайратына ыраазы болушууда. Бул кыз атасынын эң башкы коргоочусу экен! Мына ушундай көрүнүштөн соң, аны миңдеген интернет сүйүүчүлөрү колдошуп, жылуу маанайдагы каалоолорун жазышууда. Мындай зээндүү кызы турганда Өмүрбек Текебаев түрмөдө убактылуу жатса дагы бактылуу болсо керек…
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ