Menu

Ысык-Көлдө шамал уран казып алуудан чыккан уулуу заттарды учуруп кетет

Бөлүшүү:

Депутат Алтынбек Жунус улуу Балыкчыга жакын жердеги кенди башаламандыктын алдын алуу үчүн токтотууну сунуш кылат.

Депутат Алтынбек Жунус улуу өкмөттөн Ысык-Көлдөгү уран казууну токтотууну суранат. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында айтты.

—Балыкчыга жакын жерден элдин каршы болгонуна карабастан уран каза башташты, -деп белгиледи ал.

—”Катуу шамал уулуу заттарды көптөгөн чакырым алыстыктарга алып кетип жатат. Кен казуучулар болсо, аларды Кара-Балтага же Казакстанга алып кетебиз деп убада беришкен. Бирок ал жердин тургундары, калдык сактоочу жай куруп жатышкандарын ырасташат. Бизди экологиялык кыйроо күтүп жатат. Эгерде бул тууралуу башка өлкөлөр билише турган болсо, бизге туристтер келбе коюшат. Кенди жабуу керек, антпесе башаламандык болуп кетиши мүмкүн” – деди өз сөзүндө.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: