Menu

Видео- Фергананын газ куюу станцияларында унаалардын узун кезеги жаралды

Бөлүшүү:

Акыркы бир нече жумадан бери Өзбекстандын Фергана облусунда метан газы тартыш болууда. Бул тууралуу «Эркин Европанын» өзбек кызматы жазды.

22-декабрда окурмандардын бири редакцияга Кокон шаарына жакын жердеги газ куюу станциясында тартылган видеону жөнөткөн. Анда болжол менен 150дөй унаа кезекте турганын көрүүгө болот.

https://www.youtube.com/watch?v=JsK2KL-ZJWg&feature=youtu.be

Жергиликтүү тургундардын бири 22-декабрда Фергана облусунун Багдад жана Алтыарык райондорунда дагы газга кезек күткөн унаалар көп болгонун билдирди.

«22-декабрда Фергана облусунун Алтыарык районундагы газ куюу станциясынын алдында 100, ал эми Багдад районунда 200 автоунаа кезек күтүп турганын көрдүм», — деди ал.

«Узтрансгаз» компаниясынын өкүлү газ тартыштыгы басымдын төмөн болуп жатканына байланыштуу экенин билдирди.

– Автоунаа газын толтуруучу компрессордук станциялар түтүктөрдөн чогулткан газды басым менен сордуруп алышат. Газдын басымы төмөн болгондуктан, станциялар өз колонкаларын текши колдоно албай жатышат. Мындан улам газ куюу станцияларында узун кезектер жаралды», – деди компаниянын өкүлү.

https://www.youtube.com/watch?v=ekym-WlBcL4&feature=youtu.be

Өзбекстанда айрым жергиликтүү маалымат каражаттары метан газы тартыш болуп жаткандыгы тууралуу 21-декабрда жазышкан. Kun.uz сайты газ тартыштыгы Фергана облусунда гана эмес, Анжиян жана Наманган облустарында дагы байкалып жатканын кабарлаган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: