Казакстандын Конституциялык кеңеши Баш мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү – Негизги мыйзамга каршы келбейт деген бүтүм чыгарды.
Парламент 6-мартта Конституцияга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырган. Документ эл өкүлдөрүнө 3-мартта келген. Казак президенти Нурсултан Назарбаев Конституцияда белгиленген баалуулуктарга жана мамлекетти башкаруу формасына шайкеш келерин аныктоо үчүн 6-мартта долбоорду Конституциялык кеңешке жолдогон.
Конституциялык реформага ылайык, президенттин айрым ыйгарым укуктары өкмөт жана парламентке өтөт. Алсак, мамлекеттик программаларды жана каржылоонун бирдиктүү системасын, ошондой эле бюджеттин эсебинен каржыланчу бардык органдардын кызматкерлеринин эмгек акыларын бекитүү боюнча президенттин ыйгарым укуктары өкмөткө өтөт. Министрлик орундарга талапкерлерди президентке премьер-министр сунуштайт. Тышкы иштер, ички иштер жана коргоо министрлерин мамлекет башчы өз алдынча дайындайт. Андан сырткары Казакстандын туңгуч президентинин макамы Конституциянын дагы бир беренесинде бекитилет.
Казакстандын учурдагы Конституциясы 1995-жылы жалпы улуттук референдумда кабыл алынган, андан бери ага бир канча жолу өзгөртүүлөр киргизилген.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ