Американын аналитикалык «Меrсer» компаниясы тарабынан түзүлгөн шаарлардын рейтингинде Бишкек 231 шаардын ичинен 207-орунду алган. Рейтингди түзүүдө саясый туруктуулук, саламаттык сактоонун сапаты, билим берүү, кылмыштуулуктун деңгээли, транспорт, инфраструктура жана көңүл ачуу жайлары эсепке алынган. «Меrсer» компаниясы буга чейин да шаарлардын рейтингин чыгарып келген. Былтыр Бишкек шаары «Ислам мамлекети» террордук тобунун «коркунучунан» улам эң начар шаарлардын катарына кирип, 209-орунга татыган.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ