Кечээ, 18-март күнү Ош облусунун аймагында Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын №98 буйругунун негизинде жарыяланган ишембиликтин алкагында казыят кызматкерлери, райондук хатибияттар, 700дөн ашык мечиттин имамдары, диний окуу жайлардын кызматкерлери жана студенттеринин катышуусунда диний объектилердин айланасын жана көчө бойлорун тазалап, бак отургузуп, тал-теректерди бутоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле дин кызматкерлери ишембилик учурунда карыялар үйүнүн айланасы тазаланып, кароосуз калган жалгыз бой үй-бүлөлөргө зыярат жасалып, көрктөндүрүү иштерине кол кабыш кылышты. Ал эми аталган жараяндын алкагында Ош облусунун казысы баштаган казыят жамааты Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүндөгү “Бабалашкар” мечитинде жана Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу “Ал-Худа” мечитинде өткөн ишембилике катышышып, бак-дарактарды отургузуу жана арыктарды тазалоо жумуштарына кытышышты.
Эскерте кетсек, Ош облусунун Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа райондорунун тоолу айылдарында кар бар болгондуктан, аталган аймактардын мечит имамдары массалык ишембилик өткөрүүнү апрель айына пландаштырышууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ