Орусия президенти Владимир Путиндин мурдагы аялы Людмиланын сүрөөнчүлүгү алдында иштеген “Инсан аралык байланышты өнүктүрүү” коомдук фонду Москва бюджетинен 250 миллион рубль каражат алды. Бул тууралуу “Дождь” телеканалы билдирүүдө. Фондго каржылай жардам берүү боюнча көрсөтмөгө Москва мэри Сергей Собянин 2015-жылы эле кол койгон.
“Дождь” телеканалынын маалыматы боюнча фонд “Москванын жашоочуларын социалдык жактан камсыздоо” программасынын алкагында жардам алып жатат. Былтыр уюмга 62 миллион рубль бөлүнгөн, быйыл дагы ушундай эле сумма каралды. Каржылай колдоо алдыдагы эки жыл катары менен уланат.
Фондду Артур Очеретный жетектейт. ММКлар анын Людмила Путинанын азыркы жолдошу экенин билдиришүүдө.
“Дождь” телеканалынын маалыматына караганда, фонд Воздвиженкадагы хан сарайга ээлик кылат. Уюм ал имаратты Владимир Путиндин мурдагы аялына таандык болгон «Меридиан» компаниясына ижарага берип келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ