Menu

Кытып алмайлар, буйтап кетмейлер токтобойт

Бөлүшүү:

Экономикалык кылмыштар туурасында эч ким кеп кылбай калды. Баары эле коррупцияны бучкактап жыгылууга энтеңдейт, бирок анын куйругун да кармай албай бозала болуп жатышканы айдан ачык көрүнүп калууда. Ириде мындай кармашты өлкө жетекчилери башкаларга сабак болчудай сыпатта айгинелеп койсо калгандары ошол чыйырга түшкөн бойдон күрөштү күчөтүп жиберишмек.

Тилекке каршы 35 тургай бир коррупционердин изине түшө албай тамашага алынып кеткендигин бийлик моюндашы керек. Кара күчкө салып эле моюн толгой берүүдөн майнап чыкпайт.

Ошондуктан жемкорлуктан мурда алгач экономикалык кылмыштарга кылтак салып, ага каршы иштерди жасасакпы деген ой башка келет. Эмне үчүн салыкчылардын аракети анча жылуу пикирге татыбай жатат? Себеби, алар “ырыс-кешиктүү” бизнесмендер менен илгери эле жылуу алака түзүп алышкан. Атан төөдөй болгон ишканалар, корпорациялар, цехтер, тейлөө тармактары, соода борборлору ар дайым кош бухгалтерия менен шугулданышат. Муну бешинчи класстын тың чыкма окуучулары деле көрүп, билип жүрүшөт. Салыкчылар болсо кайсы күнү келип “отметкасын” алып кетүүнү эч убакта эсинен чыгарбайт. Шыбагасы менен сөзсүз түрдө шефи менен бөлүшөт. Антпесе иштен айдалып, май токочунан айрылат. Мындай схеманы токтотууга мүмкүн эмес. Баардыгы чиймеленип эбак эле сызылып калган үч бурчтук болуп.

Демек, оболу экономикалык кылмыштардын түбүнө жетиш керек. Ал үчүн салык тармагына булганбаган таза жетекчини дайындап, реформаны кыйшаңдатпай түз жүргүзүү талап кылынат. Эски “тарп жутарлардан” кутулуш үчүн кадр маселесине олуттуу мамиле кылуу кажет. Ушул маселени оң чечкенде гана экономикалык кылмыштарга карата күрөштү ырааттуу жүргүзүүгө айкын жол ачылат. Аттиң, ушул айтылгандар өкмөттүн тийиштүү адамына жетеби,-кеп ошондо.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: