УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев жаңы бийликтин “серый кардиналдары” менен жашыруун бирок шашпай, жайбаракат жолугуп, өзүнүн мындан аркы статусун аныктап алыптыр. Ага ылайык бийлик ага баягы ар түрдүү “гейттер” боюнча “кылмыш ишин козгоп, тияк-биякка сүйрөп кыйнабайбыз” деп убада кылса, Сегизбаев жаңы бийликке карай “нейтралитет кармайм, Атамбаев тарапка басып барбайм, тынч жашайм” деп убада берип, кыскасы “сен мага тийбе мен сага тийбейм” деп кол алышыптыр.
Ошондуктан азыр Алмаз Атамбаевдин жанында бир гана Фарид Ниязов калган турбайбы деген ой дароо кылт эте түштүбү?
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ