Menu

Каныбек Осмоналиев, экс-депутат: “Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы өтө эле көп катачылыктарды кетирип алды”

Бөлүшүү:

-Парламент элдин көкөйүнө көк таштай тийдиби?

– Акыркы жарым жылда бул пикирге келген саясатчылардын деле катарлары арбын. Ал эми соцтармактагы пикирлер ошол эле элдин парламентке болгон реакциясынын эле чагылуусу. Анткени, тилекке каршы, Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы эле көп катачылыктарды кетирип алышты. Мындан ары алар жаратмандык иш менен эле алектенишет. Албетте, атайылап эмес. Бул чакырылыштын табияты негизинен “байлык топтоп калайын” деген ар кошкон бизнесмендерден куралган. Аларды 2015-жылы Атамбаев өзү алып келген. Чала сабат токтомдорду башаламан кабыл ала беришип, президентти дагы арсар абалга алып келип коюшту. Кезексиз жыйынга чогулуп алышып, акыркы эле кабыл алган чечимдери эмнени каңкуулап турат? Эч бир жоопкерчилиги жок болуп алышты. Мындай парламентти барынан жогу элге пайдалуурак. Ошондуктан, тез тарап кеткендери дурус болор эле. Алдыда күтүлүп жаткан саясый активдүү сезондо ЖК кандай позицияда болот? Буга чейинкидей эле боло беришсе, анда дагы көп шортек иштерди жасап коюшат, го? Президент өзү дагы ойлонуп жаткандыр. Элдин басымдуу бөлүгү бул депутаттар жанүндөгү өзүнүн терс тыянагын эчак эле чыгарып койгон.

– Кийинки шайлоого чейин бир эле жыл калды да. Андыктан, мөөнөтү бүткөнгө чейин иштеп эле турушкандары дурус эмеспи?

– Азыр ар бир күн чечүүчү болуп калды! Эгер стабилдүү жагдайды камсыз кыла алышса кана, иштей бергендери, албетте, дурус болмок! Бирок, көрүп турабыз, го… Аш-той, юбилей, чет элдик саякаттар, анан, эң башкысы, интрига жана интрига! Өлкөнүн тагдыры чечиле турган учурларда он чактысынан башкалары жөн эле безип, качып кетип жатышпайбы. Мисал керекпи, мына Солтон-Сары ж.б. кендердин жаңжалдары, Баткендеги чек ара маселелери, уран кризиси, Кой-Таш козголоңу, айтор, толгон-токой масалдар бар.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: