Бүгүн, 5-декабрда “Манас” эл аралык аэропортунун президенти болуп россиялык “Газпром-Кыргызстан” жеке менчик ишканасынын гендиректорунун орун басары Нурлан Акматов дайындалды.
Нурлан Акматов деген ким?
Нурлан Акматов 1970-жылы Фрунзе шаарында туулган.
Нарын шаарындагы В.Чкалов атындагы орус тилдүү мектепти бүтүргөн.
1993-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүтүргөн.
Курманбек Бакиевдин Транспорт министри Нурлан Сулаймановдун бир тууган кайниси.
2007-жылы Максим Бакиевдин сүрөмөсү менен ошол кездеги президент Курманбек Бакиев Нурлан Акматовду КР Мамлекеттик Бажы комитетинин төрагасы кылып дайындаган.
2010-жылы апрелде Кыргызстандын Кремль дайындаган куратору Андрей Беляниновдун тымызын буйругу менен Нурлан Акматов менен Кубанычбек Кулматов ал кездеги оппозиционер Алмаз Атамбаевге 2 миллион доллар накталай жеткирип бергенин кыргыз гезиттери байма-бай жазып келет.
2011-жылдан тартып Андрей Беляниновдун кийлигишүүсү менен Нурлан Акматов россиялык “Газпром-Кыргызстан” жеке менчик ишканасынын гендиректорунун орун басары болуп дайындалган.
Бир тууган бажасы, экс-транспорт министри Нурлан Сулаймановго Атамбаев 2011-жылы кылмыш ишин козгоп, камакка аларда Нурлан Акматовдун жардамы менен өлкөдөн чыгып кетип, 6 жыл Россияда жашырынып жүрдү.
Нурлан Акматовдун авиацияга же кризис менеджментке эч кандай тиешеси жок.
Болгону акчалуу “Газпром-Кыргызстан” ишканасында иштейт. Кылмыш иши козголгон Нурлан Сулаймановдун бир тууган бажасы. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жердеши.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ