Баткен облусунун Лейлек районунда атып кетишкен айылдык кеңештин депутаты Кубанычбек Баянов бүгүн, 17-ноябрда каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, депутат Тажикстандын Гафуров шаарындагы ооруканада алган жаракатынан жакшы боло албай каза болгон. Маркумдун сөөгү бүгүн өзүнүн туулуп өскөн Арка-2 айылында жерге берилет.
Буга чейин 5-ноябрь күнү түндө Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Баяновду белгисиз адам үйүнүн жанынан артынан келип атып кеткен. Жарадар болгон депутат Тажикстандын Гафуров шаарындагы ооруканага жеткирилген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси (адамды өлтүрүү үчүн кол салуу) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда шектүүнү кармоо аракеттери улантылып жатат.
Маркумдун артында жубайы 3 баласы калды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ