Menu

Камандай күпүлдөгөн Курмангазы

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы мамлекеттик циркти көп жылдардан бери ким жетектеп келатканын кичинекей көрүүчүлөр да жакындан билет. Чынында эле Курмангазы Исанаевдин колдоочусу күчтүү экен. Ошону менен катар “найза” сунгандардын баарын өзүлөрүн кайра жарга такап айласын кетирген ушул деректир да азамат киши деп койсок адилеттүү болот. Атчандарды баштаган циркачы да, көркөмдүккө чулгаган кыйыны да асылып көрдү, бирок өздөрү кулагынан айрылып калып жатышты. Ал тургай кезинде өзү жетелеп келген замы да оолугуп көрдү эле аны капталга бир сүзүп жыгытып, кайра тургус кылып салды. Айтор, дайыма шиштин учунда сайылган цирктин чоңу баарын эле сындырып, бүлдүрүп жеңишин майлап келатканына баракелде дебеске аргабыз жок.

Жеңилбес жетекчинин камсыз кылган көрсөткүчтөрүнөн айып табуу мүмкүн эмес экенин текшерүүчүлөр деле ырастайт. Канча ирет казышса деле илинчек таппай аргасыз артына кетишкени эмнеден? Көрсө жигин билгизбөөнүн сырларын катуу өздөштүргөн мыктылар бул тармакта кызмат кылышат окшобойбу? Ток этерин айтканда жетимиштин кырындагы жетекчи дагы далай секириктерди жасаары маалым болуп калды. Бүгүнкү күндө белгилүү клоун Ю. Никулиндин ысымын алып жүргөн Москвалык циркачтар балдардын көңүлүн алып жаткан кези. Айтор, цирктин ичи дайыма бака-шака болуп, күлкүгө бөлөнүүдө. Ал эми Кукебиз болсо салабаттуу басып тегерекке көз салып жүрөт чаалыкпай.

Т.Жангазиев

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: