Menu

Айбек Мырза, активист: “Же биз камалабыз, же мамлекеттин үлүшүн алабыз, же Жерүй жабылат”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-февраль күнү Талас шаарында Бай Терек тойканасында “Жерүй: көйгөй жана чечүү жолдору” деген аталышта кереге кеңеши өттү.

Тегерек столго Талас шаарынын губернатору Марат Жаманкулов, анын орун басары, “Алтын Альянс” ЖЧКсынын директору Михаил Шубин, жергиликтүү бийлик, тоо-кен, өнөр жайындагы адистер, жергиликтүү тургундар, активисттер жана ММКнын өкүлдөрү катышты. Жыйындын мадеротору Талас эл ынтымагынын төрагасы Серен Шейшенов болду.

Жыйындын башталышында Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Жаманкулов жыйынга келген элге кайрылып, эки тарапты тең угуп, ызы-чуу кылбашын суранып өттү.

“Жерүй кениндеги маселелерди талкуулап, бир чечимге келишибиз керек. Ошон үчүн Айбек Мырза сүйлөйбү, “Алтын Альянс” ЖЧКсынын өкүлү сүйлөйбү, баарын аягына чейин угуңуздар” – деди губернатор.

Жыйындын жүрүшүндө активист Айбек Мырза бүгүнкү күндү тарыхый деп, Жерүй алтын кени боюнча бир чечимге келиш керектигин билдирди. Ал 2018-жылы 24-ноябрда Бишкекте республика боюнча чоң курултай өткөнүн, Жерүй маселеси ошол курултайда көтөрүлгөнүн белгилеп, ошондон бери бул маселени көтөрүп келе жатканын билдирди.

Муну менен катар Айбек Мырза Жерүйдө 105 тоннадан ашык алтын запасы бар экенин айтып, бул деген 360 млрд сомго барабар экенин белгиледи.

Активист Айбек Мырза Жерүйдөгү таза пайдадан кыргыз элинин бир дагы үлүшү жоктугун айтып, салык, соцфонд дегендердин бардыгы чыгаша экенин билдирди.

“Же биз камалыбыз, же Жерүйдөгү мамлекеттин үлүшүн алабыз, же алтын кен жабылат. Бул жерде эки эле тарап. Биринчи – кыргыз мамлекети, кыргыз эли, талас эли, экинчи тарап – “Альянс Алтын” деген компания. Биз бийликке каршы чыккан жокпуз” – деп айтып, Айбек Мырза 14-январда болгон тегерек столдун резолициясын окуп берди.

“Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы жеке компаниянын кызыкчылыгынан өйдө турушу керек. Эгерде, бул маселелер сүйлөшүү жолу менен чечилбесе  14-мартта Таластын аянтында митингге чыгабыз” – деди Айбек Мырза. Залда отургандар аны колдоп, кол чабышты.

Өз кезегинде “Алтын Альянс” ЖЧКсынын директору Михаил Шубин: “Биз КРнын бир дагы мыйзамын бузган жокпуз. Биз ачык-айкын иш алып баруудабыз. Жерүй кенине каалаган адам келип, ал жер менен таанышып кетүүгө болот” – деп билдирди.

Алтын Альянс” ЖЧКсынын директору Михаил Шубин «Восток-геолдобыча» компаниясы 88,2 тонна алтын запасы лицензияны алганынын билдирип, аткарылып жаткан иштер жөнүндө айтып берди.

“Жер астындагы кендин 1 тоннасында 3 эле грамм алтын болот. Жыйынтыгында жер астында 5 млрд. сом эмес, 3,5 млрд болуп жатат. Бул биринчи калп. Бурмаланган маалыматтарды коомчулукка таратышып жатышат. Кендеги алтынды толугу менен алууга мүмкүн эмес. Алтындын беш пайызы жер астында калат” – деп, кендин ишмердүүлүгүн түшүндүрүп берди.

Жыйындын жүрүшүндө ызы-чуу чыгып, Айбек Мырза Михаил Шубинин “силер провокатор” деген сөзүнө жооп катары: “Сиз бизди провакатор дегендей кимсиз? Сиз Кыргызстандын дагы жараны эмессиз. Россиянын жаранысыз, коноксуз” – деп айтты.

Жыйындын жыйынтыгында эки тарап коюлган талаптардын чечилишине биргеликте иш алып барууну макулдашты.

Эсиңиздерге сала кетсек, 4 миллиард доллар алтыны бар “Жер үй” алтын кенин 2015-жылы Бабанов ээрчитип келген орусиялык чечен бизнесмендерге президент Атамбаев менен премьер-министр Темир Сариев 100 миллион эле долларга сатып жиберишкен. Кыргызстанга 1% да үлүш калган эмес. Азыр Жерүй алтын кени 100% чечендерге таандык.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: