Menu

Атамбаев үйүнүн тегерегинде үрө бербей, бизге качан чөгөлөп келет деп Талас менен Нарындын эли күтүп жатат!

Бөлүшүү:

Анжиян облусунун башчысы Шухрат Абдурахманов облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысын «чимкирик, айбан, импотент», саламаттыкты сактоо министрин «министр сөрөй» деп кемсинткени үчүн Президенти Шавкат Мирзиёев катуу сынга алды. Буга башкармалыктын кызматкери Анжиян облусунун башчысы Шухрат Абдурахманов үстүнөн Башкы прокуратурага даттанганы себеп болгон.

Ал эми бизде А.Атамбаев Нарынга барганда “Нарындыктарды малга теңеп, Таластыктарды эл эмес” деген. Таластыктарга өзгөчө кыжырданып калган А.Атамбаев Президенттик шайлоодо “Таластыктар Абыке, Көбөштүн тукумусуңар”, “Референдум өткөрүп Казакстанга кошулуп алгыла!” деп былжырап кеткен. А.Атамбаев Нарынга жана Таласка барып качан кечирим сурап кетет деп “мал эмес” эл күтүп жатат. Духу жетер бекен?!

Буга жооп кылып Кыргыз Эл акыны деп жүрсөк, анык Элдик Баатыр акын Анатай Өмүрканов “Коконуңа качып кет!” деген ырын Атамбаев хан болуп турганда эле чыгарыптыр. Бул колубузга тийген ырды толугу менен кийинки санга тартуулайбыз.

Булак: «13-квартал»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: