Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында 2002-жылдын 17-мартында Аксы окуясында курман болгондорду эскерди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жана Кыргыз Республикасынын Президенттинин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков Аксы окуясы болгон жерге гүл чамбар коюп, 2002-жылы 17-мартта курман болгондордун арбагына багыштап куран окушту.
Гүл чамбар коюу иш чарасы 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында болгон трагедиялуу окуянын 15 жылдыгына карата өткөрүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ