Бул тууралуу 2-декабрда Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чуньин брифингде билдирди. Санкциялар АКШнын бир катар бейөкмөт уюмдарына, анын ичинен Human Rights Watch уюмуна да киргизилет.
“Жакында эле АКШ “Гонконгдогу адам укугун жана демократияны коргоо жөнүндө” мыйзам кабыл алды. Алар буга Кытайдын каршы экенине кулак түрбөдү, натыйжада эл аралдык укуктар, эл аралык мамилелердин негизги нормалары бузулуп, бул Кытай Эл республикасынын ички ишине кийгилишүү катары бааланат, ошондуктан Пекин чечкиндүү түрдө өз каршылыгын билгизип жатат. Ошондуктан NDI, HRW, Freedom House бейөкмөт уюмдарына санкция киргизилет”, – деди дипломат.
Мурда АКШ президенти Гонконгго байланыштуу эки мыйзамга кол койгон, бири “Гонконгдо адам укугу менен демократияны коргоо жөнүндө” болсо, экинчисинде атайын административдик районго полициянын жабдыктарын жеткирүүгө тыюу салган.
Документтер Гонконгго байланыштуу 1992-жылдагы АКШнын саясаты жөнүндө мыйзамды түздөйт, анткени бул мыйзамга байланыштуу АКШ жыл сайын автономия деңгээлине жараша Гонконг менен болгон соода мамилесин кайра карап турат, ошондой эле бул аймакта адам укугун бузган тараптарга санкция киргизе алат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ