29-мартта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин V жыйналышы болот. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.
Жыйналышта «2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алдын-ала жыйынтыктары жана 2040-жылга чейинки мезгилге карата Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын даярдоо жөнүндө» маселе каралат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ