Menu

Тажикстан менен Иранды араздаштырган чуулгандуу тасма төрт тилге которулду

Бөлүшүү:

17-августтан тарта интернет колдонуучулар бул чуулгандуу тасманы тажикче гана эмес, орус, англис, араб жана өзбек тилдеринде дагы көрө башташты. “Иран: 91-97-жылдардагы жарандык согушту колдоо” фильми шаршемби күнү беш тилде Фейсбук, YouTube, Одноклассники жана өкмөттүк сайтарда пайда болду.

Тажикстан ИИМинен тасманы башка тилде ким которгонун билбей турганын маалымдашты.

Дипломатиялык жаңжалга жол ачкан тасмада 90-жылдары жарандык согуш маалында Иран террорчуларды каржылаган, алар тажик коргоо министринин мурунку орун басары, генерал Абдухалим Назарзоданын жеке тапшырмасы менен белгилүү саясатчыларды, коомдук ишмерлерди, журналисттерди өлтүргөн деген тыянак чыгарылган.

Ирандын Тажикстандагы элчилиги бул айыптоолорду четке кагып, атайын билдирүү тараткан. Анда даректүү тасма соттолгон кишилердин көрсөтмөлөрүнө жана көзү өтүп кеткен адамдардын билдирүүлөрүнө негизделип даярдалганы жана бул чындыкка коошпой турганы айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: