Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын түзүлгөнүнө быйыл 20 жыл толуп олтурат. Ушул айдын аягында өздөрүнүн мааракесин белгилөөгө белсенип турган бул тармакты учурда Улугбек Марипов жетектөөдө. Улугбек Асамидинович бул орунга чейин президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы, анан президенттик аппараттын орун басары болуп эмгектенген. Тактап айтканда, ажонун жанында жүрүп, ишеничине кирип, анан ак кызматынын шыбагасына Эсеп палатасынын төрагалыгын алган десек жаңылышпайбыз. «Майлуу» кызматына манчыркаган Марипов мырза жетектеп олтурган мекемесин ачык кылууга болгон аракетин жумшап, тартипке келтирүүгө аракет кылып жатыптыр. Ал жерде бир канча жылдан бери эмгектенип, атасынан калган мурастай баса олтуруп иштеп келе жаткан «карт бөрүлөр» тазалайбыз деген Мариповго макул болушабы? Маанилүү ишти баштаптыр, майнап чыгарса экен…
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ