29-мартта Жогорку сот «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди камакта калтыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматынан билдиришти.
Соттун маалыматына караганда, коллегия адвокаттардын даттануу арызынын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырып, Текебаевдин кармалышын мыйзамдуу жана негиздүү деп тапты.
27-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Текебаевдин УКМК тарабынан кармалышын мыйзамдуу жана негиздүү деп таап, эки айга тергөө абагында камоо чечимин чыгарган. Ага ылайык оппозиция лидери 25-апрелине чейин камакта калган. Бул чечимди 9-мартта Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган.
Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге 2010-жылы орус жаранынан миллион доллар алган деген шек менен “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, камакка алган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ