2017-жылдын 1-апрелинде саат 11:40 чамасында Бишкек шаарынын ИИБ «102» нөөмөт бөлүмүнө белгисиз бир адамдан коңгуроо келип түшкөн. Ал Бишкек шаарынын «Салам Алик» коңушундагы жеке үйлөрдүн биринде жардыруучу түзүлүш коюлган боюнча маалымат бар экендигин билдирген. Бул тууралуу МУККнын басма сөз кызматы маалымдады.
Окуя болгон жерге шашылыш түрдө КР МУКК жана ИИМ кызматкерлери барышкан. Үйдүн жашоочуларын коопсуз жерге чыгарып, айлана-тегеректи курчоого алышкан.
Аталган үйдүн жана анын жанаша жайгашкан аймактарды текшерүү учурунда кандайдыр-бир жардыруучу түзүлмөлөр табылган эмес.
Ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында 1983-ж.т. «Е.Н.» атуу адам аныкталып, кармалган.
Ал мас абалында аялы менен урушуп, анын жыйынтыгында жалган телефон чалгандыгын мойнуна алды.
Азыркы маалда материалдар МУКК Тергөө башкармалыгында мыйзамга ылайык чечим чыгаруу үчүн каралып жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ